05.04.2018 10:00
Дастан Бекешев Транспорттук инспекцияны жоюуну сунуштады
Транспорт жана жол министрлигине караштуу Транспорттук инспекциянын кызматкерлери кичи автобус айдоочуларынан акча өндүрүүгө көнүшкөн. Андыктан, бул кызматты жоюу зарыл. Бул туурасында бүгүн депутат Дастан Бекешев парламенттин жыйынында билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, жакында эле иш таштоого чыккан микроавтобус каттамдарынын айдоочуларын бир четинен түшүнсө болот. Анткени, инспекция кызматкерлери бекер акчанын кынуусун алып алышкан.
Мындан улам, депутат бул уюмдун ишин талдай келгенде, башка бир катар мамлекеттик органдардын иш-милдетин кайталаган бир мекеме экенин айтып, инспекцияны жоюу сунушун киргизди.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: